Кыргызстанда акыркы суткада 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылган. Алсак, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Баткен облустарында бирден өрт катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан сутка ичинде үч чыгуу болгон.