Биз социалдык тармакта

Быйыл Төө-Ашуудагы тоннель оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкек-Ош унаа жолундагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель быйыл оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымына караганда, тоннелдин ичине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктары алмаштырылат.
"Төө-Ашуудагы тоннель быйыл жасалат. Ушул маселе боюнча абдан көп суроолор болуп жатат. Эми билесиздер, Төө-Ашууда аба ырайы суугураак. Күндүн жылышы менен тоннелдин ичине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктары алмаштырылып жана башка оңдоп-түзөө иштери болот" деп жазды министр.
Ошондой эле жумушту жасоодо сапатка көңүл буруу зарыл экенин баса белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан