Кечээ, 10-декабрда Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде 28 жаштагы айдоочу башкарып келе жаткан Тойота унаасы менен 35 жаштагы айдоочу башкарып келе жаткан Хонда Степвагон унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Хонданын 10 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Ошондой эле 30 жаштагы айым ооруканага жаткырылган.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.