Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Стефан Таркович Словакияда эң мыкты 10 машыктыруучунун катарына кирет. Бул тууралуу "Офсайд Кыргызстан" ютуб каналына словакиялык спорт кабарчы Лукаш Враблик билдирген.
"Албетте, Штефан Таркович Словакияда мыкты 10 машыктыруучунун катарына кирет. Словакиялык күйөрмандар аны көп жактыра беришпейт. Анын дарегине көптөгөн сындар айтылып келет. Тажрыйба жана машыктыруучулук сапатына токтоло турган болсок, аны эч бир кылчактоосуз Словакиядагы мыкты 10 машыктыруучунун катарына кошсок болот", - деген Враблик.
Ошондой эле ал Таркович оюндарда негизинен 4-3-3 схемасын колдоно тургандыгын белгилеген.