Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад ОИИБинин башчысы ардагерлерден кабар алды

Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеӊишбек Абитов 98 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гаффан Сафин жана 83 жаштагы Валентина Симоненко менен жолугушуп, майрамы менен куттуктады.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиргендей, Абитов аларга бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалап, акчалай белек, гүл жана шириндиктерди тапшырды.

"Өз кезегинде майрам ээлери аларды ар тараптуу колдоп келе жаткан милицияга тереӊ ыраазычылык билдиришип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалашты. Ошондой эле өлкөбүздө эч качан согуш болбой, ар дайым тынчтык болуусун тилек кылышты", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аkjol18
2023-05-09 13:40:00
Азаматсыз, Жеңиш Эсеналиевич. Ишиңизге ийгилик, ден соолук каалайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан