Боомдо дагы эки жерден өрт чыкты 

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Бишкек– Нарын – Торугарт 157-чакырымындагы өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө жалпысынан Балыкчы шаарынан 1 күжүрмөн эсеп, 14 куткаруучу, Токой чарбасынан 20 кызматкер тартылып, саат 18:22де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Ошондой эле токой чарба кызматынан 8 токойчу өрт коопсуздугун сактоого жана көзөмөлгө алууга түнкү нөөмөткө калышкан.
Буга карабай аталган жолдун Көк-Мойнок-2 айылында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 20:15те Балыкчы шаарынан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.
Бул өрт кырсыгы саат 21:13тө чектөөгө алынып, 22:01де толук өчүрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан