Кыргыз улуттук банкы бүгүн, 10-майдан тарта 200, 500, 1000 сом номиналындагы банкноталардын жаңы үлгүсүн жүгүртүүгө чыгарат.
Маалыматка ылайык, жаңы сериядагы банкноталар улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат.
Ал эми калган 20, 50, 100, 5000 сомдук номиналындагы банкноталар зарылчылыкка жараша этап менен чыгарылары маалымдалган.
Белгилеп кетсек, Улуттук валютанын бардык банкноттору расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.


