Аламүдүн районунда уурулук кылып жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2023-жылдын 2-майына караган түнү саат 04:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнө кирип алтын буюмдарын жана акчасын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Х.П. аттуу жаран кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн ушул райондон мындан тышкары дагы 30 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Анын буюм далилдери конфискацияланып, иштин материалдарына тиркелди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.