Бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстанда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Дүйнө чемпиондугуна 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыгуу үчүн тажикстандык Асрор Вохидовду жеңип алды. Эми финалга чыгуу үчүн ал рингдин ээси, Өзбекстандын өкүлү Абдумалик Халоков менен беттешет.
Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыккан алгачкы боксчу болду. Анын жарым финалга чыгуусу жок эле дегенде коло медаль бар дегенди билдирет.