"Барселона" клубунан Гвардиоланын легендарлуу командасынын акыркы оюнчусу кетет

Каталондук "Барселона" клубунун капитаны Серхио Бускетс сезондун аягында клубдан кетет. Мындай маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Ушул жылдар бою "Барселона" клубунун төш белгисин көкүрөгүмө тагынуу мен үчүн сыймык, бирок баары бүтүшү керек. Бул сапарда мени коштоп жүргөн бардык адамдарга, ошондой эле күйөрмандарга рахмат", - деди 34 жаштагы Бускетс.

Футболчу 2005-жылы "Барселонанын" жаштар командасына кошулуп, үч жылдан кийин негизги курамда дебют жасаган.

Бускетс Хосеп Гвардиоланын легендарлуу командасынан "Барселонада" калган акыркы оюнчу. 2008-жылдан 2012-жылга чейин каталониялыктар 14 кубок, анын ичинде үч Испания чемпиондугун жана эки Чемпиондор Лигасын утуп алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан