Бүгүн, 11-декабрда Мароккодо ФИФА тарабынан 10-ирет уюшулуп жаткан футболдук клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеш 11- 21-декабрь аралыгында өтөт. Ага 6 футболдук конфедерациянын чемпиондору жана мелдешти өз үйүндө өткөрүп жаткан Марокконун чемпиону катышат.
Эске салсак, мелдешке Европа континентинен катыша турган мюнхендик “Бавария” мелдештин жарым финалында чемпиондук жарышка кошулат. Жарым финалдык оюндар 18-декабрда орун алат. Аталган клуб 2012-2013-жылкы сезондо УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жеңип алганы белгилүү.
Катышуучу командалар: “Атлетико Минейро” (Бразилия, клубдар арасында Түштүк Америка континентинин чемпиону), “Бавария” (Германия, Европанын чемпиону), “Гуанчжоу Эвергранд” (Кытай, Азиянын чемпиону), Аль-Ахли (Эгипет, Африканын чемпиону), “Монтеррей” (Мексика, Түндүк Американын чемпиону), “Окленд Сити” (Жаңы Зеландия, Океаниянын чемпиону), “Ража Касабланка” (Марокко, Марокконун чемпиону).