Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунан кеткенден кийин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
"Бардыгы үчүн рахмат, "Кайрат"! Ушул 2 жарым жылдын ичинде мени менен болгон атмосфера дайыма эсимде калат. Баарына, өзгөчө күйөрмандарыбызга жана командалаштарыбызга ыраазычылык билдирем!”, - деп жазды Алыкулов социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, 22 жаштагы жарым коргоочу "Кайрат" клубуна 2020-жылы кошулган. Ага чейин ал беларустук "Неман" клубунда ойноп келген.