"Үчүнчү жолу". Чемпиондор Лигасынын финалы Стамбулда өтпөй калышы мүмкүн

Чемпиондор Лигасынын финалы Түркиядагы президенттик шайлоодон улам Стамбулдан Португалиянын Лиссабон шаарына алмаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, УЕФА буга чейин Португалиянын футбол федерациясына финалды Лиссабондогу "Эштадиу да Луш" стадионунда өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча расмий эмес өтүнүч жөнөткөн. Уюм Түркиядагы президенттик шайлоодон кийин нааразычылык акциялары болот деп кооптонууда.

Түркиядагы президенттик шайлоо 14-майда өтөт.

Буга чейин Чемпиондор Лигасынын финалы коронавирус пандемиясынан улам Стамбулдан эки жолу жылдырылган: Адегенде 2020-жылы, анан 2021-жылы.

Чемпиондор Лигасынын 2023-жылкы финалы 10-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" Олимпиадалык стадионунда өтүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан