Биз социалдык тармакта

Эдил Байсалов Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча билдирүү жасады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Конституцияга өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Өлүм жазасын алып салуу - бул элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт", - деп жазды Байсалов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу Баш мыйзамды өзгөртүү мыйзам долбооруна корутундуу алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болгон. 61 депутаттан турган топ референдум өткөрүп, педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо.

Белгилей кетсек, учурда Конституция өлүм жазасына тыюу салат. Конституцияда айыпталуучуга берилген эң жогорку жаза - бул өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jigitaliev95
2023-05-12 14:48:00
Ушул киши мн Акылбек Жапаровду жок кылыш керек ак уйдон Садыр Жапаров эмес эле ушул экоосу башкарып жатат мамлекетти тулкулор
0
Jigitaliev95
2023-05-12 14:49:00
Эмики шайлоодо жаны киши бийликке келиши керек окшойт Садыр Жапаров да болбоду бир да айткан созун аткарбады
0
Рахманбек
2023-05-12 15:09:00
Баары оз нугунда бара жатат. Олум жазасы керек эмес бизге, отоле жапайычылык болуп калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан