Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы эки саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу министрлик тургундарды этият болууга чакырат.