Ош шаарында аялды бычак менен сайып, андан соң тоноп кеткен деген шек менен жаран кармалды

Ош шаарында аялды бычак менен сайып, андан соң тоноп кеткен деген шек менен жаран кармалды. Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков билдирди.  

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Ош шаарынын Атабаев көчөсүндө жашаган И.М. аттуу аялдын үйүнө жашы 40-45 чамасындагы эркек киши кирип, үй ээсин бычак менен сайып, тагынып жүргөн сөйкө, шакек жана башка зер буюмдарын тоноп кеткен.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 42 жаштагы Шавкат кармалган. Ал мурун да бир нече жолу сот жообуна тартылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан