23 жашында казакстандык пара-спортчу, спорттун чебери жана майыптар коляскасында бийлеген Малика Муктарова каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кыздын бөйрөктөрү иштебей, жүрөгү токтоп калган.
Малика Муктарова – спорттун эл аралык даражадагы чебери. Ал эки жолу Азия Кубогун, эки жолу Дүйнө Кубогунун коло медалын, 2021-жылы Италияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль, 2022-жылы Словакияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.
Ага төрөлгөндө эле Церебралдык шал оорусу (ДЦП) диагнозу коюлган.