Биз социалдык тармакта

Бүгүн Оштун айрым жерлеринде электр жарыгы берилбейт 

Бүгүн, 16-майда Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында "Ош электр тармактар" ишканасынан кабарлашты.
Мындай чектөө күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу экени айтылды.
Ага ылайык, саат 09.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт:
Көлдүк, Салам-Алик, Кызыл-Тоо, Ак-Жар, Алтын-Булак айыл өкмөттөрүндө;
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында, Масалиев, Шакиров, Шамшиев, Увам, Тажик, Депутатская, Жалал-Абад, Жумабаев, Нурматов, Зеленая, Мадумаров, Абай, Раззаков, Салиева, Касымбеков, Курманжан-Датка, Моминова көчөлөрүндө, Озгур, Төлөйкөн, Жапалак айылдарында.
Мекеме убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан