Коңшу Өзбекстанда өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге уткан кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Бишкекке келди.
Аны аэропорттон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов, бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Мунарбек Сейитбек уулу бул Дүйнө чемпиондугунда тарыхый жеңишке жетти. Тагыраагы, Кыргызстан эгемендик алгандан бери бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда бир дагы мушкер медаль уткан эмес.