Кечээ, 16-май күнү кечки саат 22:00 чамасында милицияга Бишкек шаарында жайгашкан дүкөндөрдүн бирине белгисиз жаран кирип жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, дүкөндүн дүрбөлөң баскычы иштеп, ал боюнча айгай белгиси берилгенден кийин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.
Аталган дарекке барган учурда белгисиз жаран кирип, күч колдонуу менен акча салынган сурманы ачып андагы акчаларды уурдоого жана тартып алууга аракет кылганы аныкталган.
Ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1977-жылы туулган К.Ю.В. кармалып, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймактык милиция пунктуна жеткирилип тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.