Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы алгачкы жеңишин камсыздаган мушкер Азат Усеналиев учурда Бишкекте эс алып жүрөт. Ал SUPER.KG порталынын бир катар суроолоруна жооп берди.
Эске салсак, мушкер учурда украиналык “Украинские атаманы” жарым профессионалдык клубу менен келишим түзүп, Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларына чыгууда.
- Жеңишиң менен куттуктайбыз! Качан келдиң?
- Рахмат! Келгениме 3 күн болду. Биринчи беттештен кийин эс алууга жиберишти. Бул жактагы эс алуум 22-декабрга чейин уланат. Анан кайра барып, машыгууну улантабыз.
- Биринчи беттешиң тууралуу айтып берсең...
- Машыктыруучулардын айтымында, беттеш жакшы болду. Мен бул беттеш тууралуу көп нерсе айта албайм. Эң негизгиси, машыктыруучулардын берген тапшырмасын аткардым. Тапшырма боюнча жеңишке жетишишим керек болчу.
- Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын деңгээлине кандай баа бердиң? Кантсе да ал жерде жарым профессионалдык клубдар катышып жатпайбы...
- Бир гана беттеш өткөрүп, мелдештин деңгээлин айтып бере албайм. Алдыдагы беттештерде муну байкап, баа берсе болот. Бирок мен бул чөйрөгө чоочун эмесмин. Анткени, ал мушкерлердин көбүн Дүйнө чемпиондугунда жана Азия чемпиондугуна көрүп, билип калгам.
- Кийинки беттеш 2014-жылы орун алат экен. Негизи, беттешке жакын калганда барып машыгасыңбы?
- Мындан ары машыгууну үзгүлтүксүз улантабыз. Кийинки беттешти январга тууралап жатышат. Бирок кайсы датада экени белгисиз. Жакындаганда кабар алабыз.
- Клубдун машыгуусунда Кыргызстанда машыкканыңдан айырмасы бар бекен?
- Жарым профессионалдык клубдун курамында машыгып жаткандан кийин сөзсүз айырма болот. Бирок чоң эмес. Күнүнө 2 маалдан күчөтүлгөн тартипте машыгып жаттык.
- Кайда жашап жатасың? Негизи, ал жакта такай жашоонун кажети жок бекен?
- Киев шаарындагы Олимпиадалык базада болуп жатабыз. Мага окшогон легионерлер, клубдун мүчөлөрү ошол жерде жашайт. Машыгууну үзбөш үчүн ошол жерде жашоого туура келет.
- Машыктыруучулардын курамы, мушкерлердин курамы кандай кабыл алды?
- Жакшы. Баары жакшы болуп жатат. Түрдүү өлкөлөрдөн келген мушкерлер менен жалпы тил табышып кеттик.