Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу быйылкы сезондо Чемпиондор Лигасынын экинчи финалчысы болду.
Бүгүн, 18-майга караган түнү өткөн жооптук оюнунда Хосеп Гвардиоланын командасы өз үйүндө "Реал Мадрид" клубун ири эсепте жеңип алды. Испаниядагы биринчи жолугушуу 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Манчестердеги оюндун биринчи бөлүгүндө португалиялык футболчу Бернарду Силва дубль жаратты. Ал 23 жана 37-мүнөттө гол киргизди.
Беттештин экинчи жарымында дагы эки гол болду. 76-мүнөттө "Реалдын" коргоочусу Эдер Милитао өз дарбазасына гол киргизсе, 91-мүнөттө алмашууга чыккан аргентиналык чабуулчу Хулиан Альварес төртүнчү голду киргизди.
Муну менен англиялык команда Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты. Финалда "Манчестер Сити" италиялык "Интер" клубу менен кез келет.