Бүгүн, 11-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычын жыйынтыктоочу 6-турда “E”, “F”, “G” жана “H” тайпаларында 8 оюн орун алат. Анда плей-оффко чыгуучу 8 команда белгилүү болот. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, бардык оюндар Бишкек убактысы боюнча 01:45те орун алат.
“G” тайпасы
“Аустрия” (Австрия) – “Зенит” (Орусия)
“Атлетико” (Испания) – “Порту” (Португалия)
“E” тайпасы
“Челси” (Англия) – “Стяуа” (Румыния)
“Шальке” (Германия) – “Базель” (Швейцария)
“F” тайпасы
“Марсель” (Франция) – “Боруссия” (Д, Германия)
“Наполи” (Италия) – “Арсенал” (Англия)
“H” тайпасы
“Милан” (Италия) – “Аякс” (Голландия)
“Барселона” (Испания) – “Селтик” (Шотландия)