Коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында аяктаган бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан кубалык боксчу Йоэнлис Эрнандес улуттук курама командадан качып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал үйгө кайтпоону чечип, Панама аэропортунда командалаштарын таштап, качып кеткен. Өз кезегинде Кубанын бокс федерациясы бул мыйзам бузуу экенин, анын ордун толуктай турчу мушкерлер бар экенин билдирген.
Учурда кубалык мушкердин дайыны белгисиз.
Белгилей кетсек, Йоенлис Эрнандес дүйнөлүк чемпионатта эң жогорку сыйлыкты ала алган жалгыз кубалык мушкер. Ташкенттеги Дүйнө чемпиондугунда ал 75 килограмм салмакта финалда бразилиялык Вандерлей Перейра менен беттешип, калыстардын бир добуштан чечими менен жеңип алган. Ошентип кубалык мушкер эки жолку дүйнөнүн чемпиону болду.
Ал 2021-жылы Сербиянын борбору Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда да алтын утуп алган.