Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы ок атышууда документтери жана буюмдары өрттөнүп кеткен чет элдик жарандарга жардам керек. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, ок атышуудан чет элдиктердин банк карталары, уюлдук телефондору, документтеринин баары күйүп кеткен.
"Алар эч нерсеси жок калышты. Бүгүн биз бир нече күнгө жете турган тамак-аш, аялдардын кийимдерин, тиш щёткаларын алып келдик", - деди Ассоль Молдокматова.
Туристтерге учурда керек болуп жаткан буюмдар:
17-май күнү эртең менен Дмитриевка айылында атышуу болуп, айыл курчоого алынган. Кийинчерээк ИИМ атайын операция болгонун, анда куралдуу каршылык көрсөткөн террорчу жок кылынгандыгын билдирген.
Жок кылынган адам жашаган үйдө 18 чет элдик жаран дагы болгон. Өз кезегинде Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы алар Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырылганын билдирген.