Лионель Мессиге футбол тарыхындагы эң чоң келишим сунушталды

Сауд Арабиянын "Аль-Хилял" клубу "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Мессиге келишим сунушун көбөйттү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, сауд арабиялык клуб аргентиналык футболчуну дүйнөдөгү эң көп акы төлөнүүчү футболчу кылууга даяр. Клуб Мессиге жылына 500 миллион евро төлөп берүүгө даяр.

Эгер Месси сауд арабиялык клубга кошулууга макул болсо, анын келишими футбол тарыхындагы эң кымбат келишим болот.

Месси "ПСЖ" клубунда 2021-жылдан бери ойноп келет, анын клуб менен келишими быйыл жайында аяктайт. Месси бул сезондо 38 беттешке чыгып, 20 гол киргизип, 19 жолу голдук пас берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан