Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, аталган федерациянын вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөлөөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан 14 салмактык категория (7 эркек жана 7 аял) боюнча 100дөн ашык спортчу катышууда.

Кубоктун жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланат. Аталган турнирде жогорку чеберчиликти көрсөткөн спортчуларга спорт чебери наамы ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан