Чүйдө Nissan Primera унаасы уурдалган. Шектүү катары 21 жаштагы жигит кармалды

Жайыл районунда унаа уурдап качканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 3-апрелинде Жайыл РИИБне С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү Алексеевка айылынын Киев көчөсүндө токтоп турган Nissan Primera үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган кылмыш ишине шектүү катары 2002-жылы туулган Х.Е. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан