"Манчестер Сити" футболдук клубу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Англиянын чемпиондугун жеңип алды.
Манчестер шаарынын клубу 36 беттеш өткөрүп, 85 упай чогулткан. Ал эми анын негизги атаандашы болгон лондондук "Арсенал" клубу 37 беттеште 81 упайга ээ болду. Акыркы беттеште "Арсенал" “Ноттингем Форестке” жеңилип калып, “Манчестер Сити” клубуна упайлардын саны боюнча кууп жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
АПЛдин аякташына учурда бир гана тур калды.
"Манчестер Сити" үчүн бул чемпионатта катары менен үчүнчү жеңиши гана эмес, акыркы 6 жыл ичиндеги бешинчи жеңиши. Алар 2019/20 сезонунда гана "Ливерпуль" клубуна чемпиондукту алдырып жиберишкен.