Бишкекте тогуз коргоол боюнча Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш старт алды

Бүгүн, 11-декабрда Бишкектеги Улуттук китепканада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча Эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу КРнын Шахмат федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-ирет уюшулуп жаткан Эл аралык мелдешке Кыргызстандан жана Казакстандан келген 190 шахматчы катышууда.

Уландар жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан мелдештин жеңүүчүлөрү 13 турдан турган жарыштан кийин аныкталат. Мелдеш 17-декабрга чейин созулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан