Франк Рибери Францияда “Жылдын мыкты футболчусу” болуп табылды

Футбол боюнча Франция курама командасынын жана мюнхендик “Бавариянын” жарым коргоочусу Франк Рибери Францияда “2013-жылдын мыкты футболчусу” аталды. Бул тууралуу европалык басылмалар билдиришет.

Маалыматка ылайык, Рибери ушуну менен 3-ирет Францияда жылдын мыктысы болуп отурат. Бул жаатта рекорд белгилүү футболчу Тьери Анриге таандык (ал бул наамды 5 ирет уткан).

Ал эми “Жылдын мыкты башкы машыктыруучусу” наамы Руди Гарсияга тапшырылды. Гарсия учурда италиялык “Рома” менен ийгиликтүү сезонду баштан кечирүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан