Санкт-Петербургда Армениянын жараны 14 жаштагы кыргызстандык өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу орусиянын "Оперативное прикрытие" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 19-майда 36 жаштагы кыргызстандык аял полицияга кайрылган. Анын айтымында, 22-апрелде Алтайская көчөсүндөгү оюн аянтчасында 26 жаштагы Армениянын жараны 14 жаштагы кызына карата ыплас иш-аракеттерди жасаган.
Шектүү ошол эле күнү Орусиянын кылмыш-жаза кодексининин 135-беренеси (Адепсиз жоруктар) менен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.