
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майдан 24-майга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Кооптуу жайлардын тизмеси:
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу;
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусу.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.