Ош облусундагы Ноокат районунун 104 тургунуна кызыл китеп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун тургундарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 миң 198 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 572 тургун турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.
"Ош облусунда №291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" токтому жигердүү ишке ашырылууда. Тиешелүү кызматтар ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуу жана облустун жарандарына турак-жай кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштырган кызыл китеп берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат", - деп жазылат маалыматта.