Өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
"Эртең, 24-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрү кошумчаланды.