Өзбекстанда кыргыз спортчулары 6 алтын, 1 коло утушту (фото)

Бүгүн, 23-майда Өзбекстандын Джизак шаарында өтүп жаткан Азия чемиондугунун алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгиленгендей, мелдеште Кыргызстан жалпы 6 алтын жана 1 коло, жалпы 7 медаль жеңди.

Кыз-келиндер арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова жана +75 килограмм салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 килограмм салмакта Бегайым Акбалаева коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында 60 килограмм салмакта Роман Сапаров, 70 килограмм салмакта Марлен Абдурасулов, 80 килограмм салмак категориясында Элдияр Сексенбаев жана 90 килограмм салмакта Нурсултан Бочонов 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондору аталышты.

Белгилей кетсек, бүгүн “Алыш” күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан