Күрөш: Бишкекте Гераеи баштаган Олимпиада чемпиондору күрөшөт

Бишкекте өтө турган күрөш боюнча рейтингдик турнирге Иран менен Азербайжандан күчтүү курамалар келишет.

Тагыраагы, күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм Токио Олимпиадасында алтын медаль уткан ирандык Мохаммедреза Гераеи Бишкектеги турнирге катышат. Ал 72 килограмм салмакта күрөшөт.

Ушул эле Олимпиадада 60 килограмм салмакта алтын медаль уткан кубалык Луис Орта Санчес дагы Бишкекке келет. Ал Бишкектеги турнирге 67 килограмм салмакта катышат.

Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан индиялык Рави Кумар дагы Бишкекте күрөшөт. Бул анын Дүйнө чемпиондугунан кийинки алгачкы турнири.

Ошондой эле Бишкектеги турнирге Азербайжан курамасы дагы күчтүү курам менен келе жатат. Бул өлкөнүн эркин күрөш боюнча курамасында Гаджи Алиев, Алиаббас Рзазаде, 74 килограмм салмакта Туран Байрамов, Жабраил Гаджиев жана Хаджимурад Гаджиев дагы бар.

Бишкектеги рейтингдик турнир 1-июнда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан