Бүгүн, 11-декабрда кыргызстандык дзюдочулардын катышуусундагы өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Азия чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр, кыздар жана жаштар арасында 18 жашка чейинки дзюдочулар катышуучу Азия биринчилиги Кытайдын Хайян шаарында 11-14-декабрь аралыгында өтөт. Анда Кыргызстандын намысын 11 спортчу коргойт.