Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Бишкекте ашыкча ысырапкорчулукка жол берилбейт"

Борбор калаада үй-бүлөлүк майрамдарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка каршы иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия №12 МАБ мусулман дин өкүлү менен биргеликте калаадагы бир катар кафе-ресторандардын жетекчилиги менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

"Бул жолу №12 МАБ мусулман дин өкүлү менен биргеликте "Омор-Хайям" кафесинин, "Анталия+" чайканасынын, "Bellagio Premium" ресторанынын, "Нават" чайканасынын жетекчилиги менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүүлөр да таркатылды", - деп билдирди мекемеден.

Эске салсак, буга чейин президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан