Нарында мал жандыктарга тоют жетпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.
Ал өкмөттүн өкүлүнөн Чүй облусундагы айыл чарба ишкерлеринен былтыркыдан калган жем-чөбүн өз баасында алып, Нарынга жеткиртип берүүнү өтүндү.
"Кочкор районунда кайра кар жаап салды. Тоют жоктугунан улам мал кырылып жатат. Сөзсүз түрдө чукул карап койсоңуздар. Мага тургундар кайрылып жатат", - деди эл өкүлү.