Бүгүн, 25-майда "Унаа" мамлекеттик мекемесинде жана мамлекеттик тейлөөнү камсыздоо борборлорунун иштеринде токтоп калуулар орун алууда. Буга "ЕРП" системасындагы убактылуу мүчүлүштүктөр себеп болуп жатканын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда мүчүлүштүктөрдү оңдоо иштери жүрүүдө.
"Урматтуу жарандар жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Борборлордун жана мекемелердин иши боюнча суроолор менен 996 999 809 877 жана 0312 369417, 369418 байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот", - деп билдирди ИИМден.