Бишкектин Ленин районунан депутатты шайлоого 124 908 шайлоочу катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
БШК тараткан маалыматка ылайык, анын ичинен 54 678и эркектер болсо, 70 230ун аялдар түзөт.
Белгилей кетсек, район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган. Ал эми шайлоого 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды.
Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өтөт.