Бишкекте Кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Маалымдалгандай, иш-чара 3-июнга белгиленип, ал дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун жаркын элесине арналат. Беттештер Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Анда өлкөнүн бардык аймагынан келген спортчулар 62, 75, 85, +85 килограмм салмак категорияларында күч сынашат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ал эми мелдештин жалпы байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.