Самат Бектурович Шатманов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Экономика жана коммерция министринин орун басары - Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп дайындалды.
Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Самат Шатманов бул кызматка дайындалганга чейин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген.
Мындан сырткары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин жардамчысы болуп иштеген. NewTV телеканалынын башкы директорунун биринчи орун басары, ЭлТР телеканалында жарнама боюнча менеджер болгон. Маданият министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордо жана "Альфа Телеком" компаниясында адис катары иштеген.