Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши башталды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Мелдештин ачылышында өлкө башчысы катышуучулар менен саламдашып, бардыгына ийгилик каалады.

"Бул ирет биздин турнирге жаңы командалар кошулду. Ошондой эле турнир 40 жашка чейинкилер арасында да өтүп жатат. Жыл өткөн сайын биздин арабыз көбөйүүдө, бул кубандырбай койбойт. Дени сак адамдын, акылы сергек. Турнирде күчтүү команда жеңсин", - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров министрлер, мамлекеттик органдардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген “Президенттин администрациясы” командасынын курамында ойнойт.

Турнирге жалпысынан 16 команда катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан