Биз социалдык тармакта

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институту маалымдайт.

Кабарлангандай, жердин силкинүүсү 27-майда саат 19:24тө орун алган.

Жердин силкинүүсү Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында - 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында - 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында - 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан