Биз социалдык тармакта

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Себеби

Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майдан 28-июнга чейин Бишкек-Ош автожолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичиндеги электр зымдарын, прожекторлорун тартуу жана актоо иштерине байланыштуу унаалардын кыймылына маал-маалы төмөнкү убакыттарда чектөөлөр киргизилет:

-05:00дөн, 08:00гө чейинки убакытта;

-10:00дөн 12:00гө чейинки убакытта;

-14:00дөн 16:00гө чейинки убакытта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыгуучу айдоочуларга жогорудагы убакыттарды эске алып, алдын ала пландоо менен жолго чыгууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан