Бүгүн президент катышкан "Мурас" футболдук турниринин экинчи күнү.
Кечээ, 27-майда башталган футбол боюнча "Мурас" турниринде президент Садыр Жапаровдун командасы чейрек финалга чыкты. Алар үч оюнда тең жеңишке жетишип, президент алты гол киргизди.
Турнирге жалпысынан 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнгөн.
Бүгүн чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер болот.