Биз социалдык тармакта

БШК: "Саат 12:00гө карата шайлоого катышуу 4,31 пайызды түздү"

№26 Ленин округунда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоого саат 12:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 4,31%ды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.

Маалыматта айтылгандай, саат 12:00гө карата аталган округда 5389 шайлоочу өз тандоосун жасады. Бул шайлоочулардын жалпы санынан 4,31%ды түзөт.

Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:

— 1255 же 119 телефондору аркылуу;

— 119 номерине PIN — паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз);

Белгилей кетсек, Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер ат салышууда. Район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-05-28 19:18:00
Кезектеги популистинерди шайлап алгыла эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан