Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэри Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, шаар башчысы Бишкектеги №74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасында добуш берди.

Ал шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, учурда Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Анда 29 талапкер ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан